Duration 3:57

Тумонбай Колдошов Узун жолдор

22 953 watched
0
228
Published 29 May 2022

"УЗУН ЖОЛДОР" Сөзү Жазгул Жамангулованыкы Обону Түмөнбай Колдошовдуку Узун жолдор, тоолордун бетиндеги, Уңгу кептин эртеңи сезилбеди. Уйпаланган уйкусуз түндө калган, Убадасыз бир маек эсиңдеби? Менде жашайт маектин кесим деми, Мемиреген тынчтык ай кечиндеги. Мелмил кылган мезгилдин кадыр түнүн, Мейиз даамдуу эриндер эсиңдеби? Сапарлаштар санынан өзгөрүлө, Санаа тартып, сааттардын өткөнүнө. Сен өзүңдү бактылуу сезген күндөн, Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө. #Бишкек #Кыргызстан #Музыка

Category

Show more

Comments - 42